09/04/2026
Азия инновациялык колледжинин 2-курсундагы П-1-24 тайпасынын студенттери Педагогика сабагынан курстук иштерин ийгиликтүү жакташты 📚✨
Студенттер өтө кызыктуу жана актуалдуу темаларды тандап алышкан. Алардын катарында педагогиканын тарыхы, жаратылышты коргоо, жасалма интеллект, жаныбарларды коргоо, мугалим менен окуучунун милдеттери, STEM билим берүү, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук, кесипке багыт берүү, окуучуларды Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо, жакшылык кылуунун мааниси, аутизм менен ооруган балдарга сабак өтүүнүн методдору, тифлопедагогика(көзү азиз балдарды тарбиялоо жана билим берүү), Сингапур методикасы жана тарбиянын түрлөрү сыяктуу маанилүү маселелер камтылды.
Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе — курстук иштер жөн гана кагаз жана слайд менен чектелбестен, ар бир студент темасына ылайык көрсөтмө куралдарды да даярдап келишкен. Бул алардын чыгармачылыгын, изденүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн дагы бир жолу далилдеди 👏
Мындай иштер студенттердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу менен бирге, келечектеги мугалим катары калыптанышына чоң салым кошот.
Бардык студенттерге ийгилик каалайбыз!
Студенты 2 курса группы П-1-24 Азиатского инновационного колледжа успешно защитили курсовые работы по дисциплине «Педагогика» 📚✨
Студенты выбрали очень интересные и актуальные темы. Среди них: история педагогики, охрана природы, искусственный интеллект, защита животных, обязанности учителя и ученика, STEM-образование, профилактика преступности среди подростков, семейное насилие, профориентация, воспитание любви к Родине, значение добрых поступков, методы обучения детей с аутизмом, тифлопедагогика, сингапурская методика и виды воспитания.
Особо стоит отметить, что курсовые работы не ограничились только письменной частью и слайдами — каждый студент подготовил наглядные пособия по своей теме. Это ещё раз доказало их креативность, стремление к поиску и практические навыки 👏
Такие работы способствуют повышению профессионального уровня студентов и вносят значительный вклад в их становление как будущих педагогов.
Желаем всем студентам дальнейших успехов!