27/05/2026
🇪🇺ERASMUS+ ЖАШТАР ДОЛБООРУ
🔹 2026-жылдын 10-17 май аралыгында Түркиянын Стамбул шаарында «Dijital Denge» (Санариптик баланс) Erasmus+ жаштар долбооруна уюмубуз менен катышып кайттык.
🖌️Саякат биз үчүн өзгөчө сыймык болду, анткени бул долбоорду өткөн жылы биздин уюмдан башка уюмдун өкүлдорү менен биргеликте жазып, ал ийгиликтүү кабыл алынган эле. Бул эмгектин аркасында биз Түркияда жолугуп, чоң тажрыйба топтодук.
📱💻8 күндүн ичинде 6 өлкөдөн келген 30 катышуучу менен санариптик көз карандылык, киберкоопсуздук жана стресс менен күрөшүү сыяктуу актуалдуу темаларды талкууладык. Ар кандай интерактивдүү оюндар жана тренингдер аркылуу санариптик адаттарды туура багытка бурууну үйрөндүк.
🇹🇷✨Долбоордун алкагында маданий саякаттарга чыгып, Стамбулдун эң кооз жерлерин көрдүк. Өзгөчө унутулгус учур — Маданият кечеси болду! Ал жерде биз кыргыз маданиятын сыймыктануу менен көрсөтсөк, түрк досторубуз бизди өз каада-салттары менен жакындан тааныштырышты.
🌎Ушундай масштабдуу долбоорду уюштурууга көмөктөшкөн бардык өнөктөш уюмдарга терең ыраазычылык билдиребиз!
🤍Мындан ары дагы да чоң долбоорлордун үстүндө иштешебиз деген чоң үмүтүбүз бар)
Чоң рахмат:
�